БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер Россиянын Украинадагы аракети батыл болуп жатканын моюндады. Бул тууралуу ал коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясында айтканын РИА Новости жазды.
"Орустар анча чоң болбосо да күнүгө жеңиштерге жетишип жаткан сыяктуу", — деген ал.
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин атайын аскердик операция өтүп жаткан аймакта абал кескин өзгөрүп, фронттун бардык жеринде кыймыл бар экенин белгилеген. Анын айтымында, жоокерлер аймактарды чакырымдап бошотууда.
Муну менен бирге өлкө башчысы атайын операция өз максатына жетерин бир нече ирет билдирген.
Кремлдин өкүлү Дитрий Песков Киев бир чечимге келип сүйлөшүүлөрдү башташы керектигин, россиялык армиянын ийгилигинен улам Украинанын чечим кабыл алуу эркиндиги барган сайын чектелип жатканын белгилеген болчу. Анын айтымында, жаңжалдын созулушу Киев үчүн өтө опурталдуу.