БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен башкы прокурордун орун басарлары алмашты.
Ага ылайык, Баймурза Маатов башкы прокурордун биринчи орун басарлыгынан бошотулуп, ордуна 50 жаштагы Малик Бектурганов келди. Ал мурун орун басар эле болчу.
Ошондой эле прокурордун дагы бир орун басары 40 жаштагы Залкарбек Акназаров болду. Буга чейин ал Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана укук тартибин көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.
Ишенимдүү маалымат булактары транспорт тармагынын прокурору Нургазы Матисаков да иштен алынганын айтышты. Ал УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни экени белгилүү.