Пентагондун экс-кеңешчиси: аскердик жаатта Украина эбак жеңилген

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Украина аскердик жаттан алып караганда жеңилди. Мындай оюн Пентагондун мурунку кеңешчиси, АКШнын кургактагы аскер күчүнүн отставкадагы полковниги Дуглас Макгрегор швейцариялык журналга маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Украина аскердик жаатта жеңилди. Германия, Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө мамлекет тарабынан каржыланган жаңылыктарды көрүп-уккандар гана тескери пикирде. Маселени тамырынан билгендер украин тарап кандай апаатка учурап жатканын жакшы түшүнүүдө", — деген эксперт.
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин атайын аскердик операция өтүп жаткан аймакта абал кескин өзгөрүп, фронттун бардык жеринде кыймыл бар экенин белгилеген. Анын айтымында, жоокерлер аймактарды чакырымдап бошотууда.
Муну менен бирге өлкө башчысы атайын операция өз максатына жетерин бир нече ирет билдирген.
Кремлдин өкүлү Дитрий Песков Киев бир чечимге келип сүйлөшүүлөрдү башташы керектигин, россиялык армиянын ийгилигинен улам Украинанын чечим кабыл алуу эркиндиги барган сайын чектелип жатканын белгилеген болчу. Анын айтымында, жаңжалдын созулушу Киев үчүн өтө опурталдуу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын НАТОдогу өкүлү Россиянын Украинадагы аракети батыл экенин моюндады