Ошто "милиционербиз" дегендер жабырлануучунун 77 миң сомун алып кетишкен

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ош шаарында өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып, салон ээсинен акча талап кылган киши кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы укалоо салондорунун бирине өздөрүн милиционер катары тааныштырган үч киши кирип келип, кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн тинтүү жүргүзүшкөн.
Шектүүлөр алгач салон ээсинен 32 миң сом алышкан. Кийин өзүн Марсель деп тааныштырган шектүү дагы 15 миң сурап, жума сайын 10 миң сомдон котортуп турган. Жалпысынан жабырлануучу 77 миң сом берген.
Кармалган кишиге "Опузалап талап кылуу" беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүүдө. Анын ички иштер органдарында иштебей турганы аныкталган.
Калган эки шектүү боюнча иликтөө жүрүүдө.
Милиция: 19 жаштагы бишкектик кыз жигиттен 5 млн. сом өндүргүсү келген. Видео