БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Педагогикалык кызматкерлердин укугун коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документте мугалимдерди кесиптик милдетине тиешеси жок иштерге тартуу, мыйзамда каралбаган отчетторду талап кылуу жана негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн жоопкерчилик киргизүү каралган.
Долбоорго ылайык, мугалимди товар же кызмат сатып алууга милдеттендиргендерге, ошондой эле кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда урмат көрсөтпөгөндөргө айып салуу сунушталган. Айып санкциялары 5000ден 20 000 сомго чейин белгиленет, ал эми кайталап мыйзам бузулса жаза эки эсеге күчөтүлөт.
Маалыматка ылайык, учурда мугалимдер ар кайсы ведомстволорго 46 түрдүү отчет тапшырат. Агартуу министрлиги жүргүзгөн оптимизациянын негизинде алардын алтоо жоюлуп, 80 пайызы санарип форматка өткөрүлгөн.
Демилгечилер мыйзам долбоору мугалимдердин укуктук кепилдиктерин бекемдеп, бюрократиялык жүктү азайтууга, коррупциялык тобокелчиликтерди кыскартууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөрүн белгилешти.