БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. УКМК Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысын кармады.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы Б.М.Б. жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча ишти тергеп жатып мыйзамсыз чечим кабыл алган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кылмышка үч адамдын тиешеси бар экенин көрсөткөнүнө карабастан, ал эки шектүүнү кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, ишти кыскарткан.
Тергөөчү өз чечимин мыйзамдаштыруу үчүн жабырлануучуну атайылап жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаганы айтылды.
Соттун чечими менен шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишинин материалдары кошумча иликтенип жатат.