Орбан XXI кылым Европанын тебелендиде калган мезгили болорун боолголоду

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Азыркы кылым жаңылыш жүргүзгөн саясаттан улам Европанын "басмырлоого" учураган мезгили болот. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жыл жыйынтыгын чыгарып жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Азыркыдай кырдаал улана берсе бул кылым Европанын тебелендиде калган мезгили болот. Дүйнөдө жаңы өнөр жай төңкөрүшү башталды, Европа ага катыша албай калышы мүмкүн. Себеп — энергетикага болгон ири чыгым жана экономиканы кыйроого учураткан саясат", — деди өкмөт башчы.
Орбан Европа биринчи жолу жаңы нерсенин, кандайдыр бир саамалыктын демилгечиси эмес, "глобалдуу экономикалык трансформациянын курмандыгы" болуп жатканын белгиледи.
Фицо: байманалуу компаниялардын кетип жатышы Европаны санаага батырууда