БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, чет мамлекеттер тарабынан берилген улуттук айдоочулук күбөлүгү бар Кыргызстандын жарандары аны транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоочу ыйгарым укуктуу органда милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүшү керек болот.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, белгиленген мөөнөттө каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен өлкө аймагында транспорт каражатын башкарууга тыюу салынат.
Каттоонун тартибин жана мөөнөтүн министрлер кабинети аныктайт.
Мындан тышкары, документти Укук бузуулар жөнүндө кодекске 184-1-берене менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык, чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктү белгиленген мөөнөттө каттабагандарга айып пул каралат:
жеке жактарга — 3 миң сом;
юридикалык жактарга — 13 миң сом.
Демилгечилердин айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр айдоочулардын эсебин тактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган.
Инжект: https://sputnik.kg/20260213/tumanbaev-avtomektepterdegi-reformalar-tuuraluu-.html
Теги: Кыргызстан документ