Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу 13-округдагы жокко чыккан шайлоону жаңы ачылган жагдайга ылайык, кайра карап чыгып, өттү деп таанууну чечти. Жыйында шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Кожокеева аталган округдан талапкер болгон Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жана Талант Мамытов тарабынан жамааттык арыз түшкөнүн билдирди. Алар 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосунун жыйынтыгы боюнча 3-декабрдагы №161 токтомду жаңы жагдайлардын негизинде кайра кароону өтүнүшкөн. БШК ишти кароо үчүн Ички иштер министрлигине расмий суроо-талап жөнөткөн. ИИМдин тергөө кызматынын өкүлү Мавлянов буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында шайлоо тилкелерине коюлган телефондор талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтары тарабынан орнотулганы аныкталганын билдирди. Аларга айып тагылган. Ал эми башка талапкерлерге карата иш козголгон эмес. Мамытов шайлоого мыйзамдуу катышканын жана мыйзам бузууга барбаганын белгилеп, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин айтты. Анын айтымында, жаңы жагдайлар аныкталгандан кийин талапкерлер өз укуктарын коргоону өтүнүшкөн. Талкуунун жыйынтыгында БШК №161 токтомду жокко чыгарды. №13 округ боюнча мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоо "өткөн" деп табылды. Сыдыков үчүн берилген добуштар жараксыз делинди. Ал эми Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова депутат деп таанылды. Кайталап шайлоо дайындоо тууралуу токтом да жокко чыгарылды. Чечимди БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, экөө каршы добуш берди.
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ал тиешелүү кызматтарга долбоордун концепциясын ыкчам иштеп чыгуу, алдын ала долбоорду даярдоону тездетүү тапшырмасын берди.
АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен келишим түзүү боюнча бардык дипломатиялык аракетинен баш тартса, Пентагон Иранга каршы узакка созулган аскердик операция жүргүзүүгө белсенет. Бул тууралуу Reuters америкалык аткаминерлерге таянып билдиргенин РИА Новости жазды. "Эгер президент Дональд Трамп кол салууга буйрук берсе, АКШ армиясы Иранга каршы көпкө — бир нече жумага созулган операцияга даяр турат. Бул өлкөлөр ортосунда болуп көрбөгөндөй олуттуу кагылышууга алып келиши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта. Агенттиктин маалыматында, Иранга каршы операцияларга камдануу өткөн жылдын жайында өлкөнүн өзөктүк объектилерине жасалган чабуулга карагандан да кыйла татаал болот. Бул жолу америкалык аскерлер өзөктүк объектилерге гана эмес, мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн имараттарына да сокку урууну пландоодо. АКШ Тегерандан жооп болорун жана ал да кыйроолорго алып келерин түшүнөрү белгиленген. Жума күнү Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, АКШнын Аскер-деңиз флотунун экинчи тобу жакын арада Жакынкы Чыгышка жайгашарын айткан.