БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен келишим түзүү боюнча бардык дипломатиялык аракетинен баш тартса, Пентагон Иранга каршы узакка созулган аскердик операция жүргүзүүгө белсенет. Бул тууралуу Reuters америкалык аткаминерлерге таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер президент Дональд Трамп кол салууга буйрук берсе, АКШ армиясы Иранга каршы көпкө — бир нече жумага созулган операцияга даяр турат. Бул өлкөлөр ортосунда болуп көрбөгөндөй олуттуу кагылышууга алып келиши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Агенттиктин маалыматында, Иранга каршы операцияларга камдануу өткөн жылдын жайында өлкөнүн өзөктүк объектилерине жасалган чабуулга карагандан да кыйла татаал болот. Бул жолу америкалык аскерлер өзөктүк объектилерге гана эмес, мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн имараттарына да сокку урууну пландоодо. АКШ Тегерандан жооп болорун жана ал да кыйроолорго алып келерин түшүнөрү белгиленген.
Жума күнү Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, АКШнын Аскер-деңиз флотунун экинчи тобу жакын арада Жакынкы Чыгышка жайгашарын айткан.