БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Камчыбек Ташиевди УКМКнын экс-төрагасы кызматынан алып, анын өзүн сактап калдым. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров акыркы окуялар боюнча "Кабар" агенттигине маек куруп жатып айтты.
“Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм”, — деди президент.
Ал “аксакал, көк сакалдар” досун жолдон адаштырып, анын атын жамынып, "генерал тарапка өткүлө” деп парламент депутаттарынан тарта жооптуу мамлекеттик кызматкерлерге, аттуу-баштуу делген адамдарга чейин чыга башташканын белгиледи.
“Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошондуктан досумду кызматтан алууга туура келди. Мен үчүн мамлекеттеги стабилдүүлүк баарынан жогору", — деди президент.
Жапаров Ташиев экөөнүн достугу кала берерин белгиледи. Анын айтымында, чечим мамлекеттин, элдин тынчтыгы, биримдиги үчүн кабыл алынган. Президент генерал экөөнүн достугун кайсы бир кызматка же кандайдыр бир кызыкчылыкка байлоо туура эмес экенин кошумчалады.