БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Чечкиндүү кдаамдарга барбасам эл экиге бөлүнмөк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча "Кабар" агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Өлкө башчысы УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынган себебин айтып берген. Жапаровдун сөзү боюнча, иштин баары Жогорку Кеңештен башталган.
“Айрым депутаттык топтор эл өкүлдөрүн чакырып алып, "биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы" деп бөлө баштады. "Бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким" деп сураган депутаттарга "бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап" деп иш жүргүзө башташты. Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү "аксакалдарга" өттү”, — деди өлкө башчы.
Бүлүндүрүүчүлөр мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, "жогорку жак менен макулдашылган", ЖК мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташканы айтылды .
“Эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп жаткан фактылар бар эле менде. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди”, — деди Жапаров.
Президент Ташиевди кызматтан аларда өзү менен сүйлөшкөнүн белгиледи.
“Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм”, — деди өлкө башчысы.