БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек милициясы Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун Жапаров — Ташиев тандемин бузду деп айыптаган Ж.С. аттуу блогер кармалганын кабарлады.
Маалыматта анын соцтармакка жарыялаган материалдарында өлкө жетекчилеринин аброюна доо кеткен белгилер бар экени айтылат. Кармоо учурунда Ж.С. милиция кызматкерлерине баш ийбей оройлонгону белгилүү болду.
Факт боюнча "Майда бейбаштык" беренеси менен протокол түзүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эскерте кетсек, Нурланбек Тургунбек уулу кечээ отставкага кетип, ордуна Марлен Маматалиев шайланды.