БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун отставкасына да комментарий берди.
Президентке экс-спикердин кызматтан кетишине “75 адамдын кайрылуусу” себеппи деген суроо узатылган.
“Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр”, — деди Жапаров.
Деген менен буга чейинки сөзүндө президент коомдогу бөлүп-жаруу Жогорку Кеңештен башталганын айтып, айрым депутаттык топтор эл өкүлдөрүн чакырып алып, "биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы" деп жик сала баштаганын белгилеген.
Эскерте кетсек, Нурланбек Тургунбек уулу кечээ отставкага кетип, ордуна Марлен Маматалиев шайланды.