БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин спикери болушу менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолдогон телеграммада эки мамлекеттин парламенттери конструктивдүү диалогду кеңейтип, өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин чыңдоодо негизги ролду ойноорун белгилеген.
Володин бул багытта алгылыктуу иштерди алып барууга кызыкдар экенин кошумчалаган.
Ошону менен катар жаңы төрагага ийгиликтерди каалап, Россияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.