Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы кийинки жумада өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду кийинки жумада өтөт. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260213/peskov-2074143746.html
"Так датасы дагы айтылат. Бирок кийинки жумада болору айкын", — деди ал.
Россия делегациясын РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.
Бүгүн Politico басылмасы өзүнүн маалымат булагына таянуу менен Россия, АКШ жана Украина делегацияларынын кийинки жолугушуусу Майами же Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн экенин жазды.

Украинада тынчтык орнотуу процесси

Январдын соңу менен февралдын башында БАЭде Москва, Киев жана Вашингтондун өкүлдөрү кирген коопсуздук боюнча жумушчу топтун жабык сүйлөшүүсү болуп өткөн. Анда АКШ сунуштаган тынчтык планынын айрым көйгөйлүү маселелери талкууланган.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, Американын алгачкы планында Донбассты толугу менен Москванын карамагына өткөрүп берүү, аны Крым менен кошо Россияга таандык деп таануу, согушту жүрүп жаткан жеринен токтотуу, Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын эки эсе азайтуу жана Украинага чет элдик аскерлер менен ыраакка атылуучу курал-жарак жайгаштырууга жол бербөө каралган.
Кремль буга чейин АКШ Аляскада макулдашылган формула боюнча аймактык маселелер чечилмейин узак мөөнөттү тынчтык орнотуу мүмкүн эмес экенин мойнуна алганын билдирген. Украина Куралдуу күчтөрү Донбасстан чыгып кетиши керек, бул Москванын эң орчундуу шарты.
ЖККУ Украина чырынын создуктурулушуна Батышты айыптады