БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров УКМКда заманбап коркунучтарга жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бере турган, сапаттуу реформа жүргүзүлөрүн айтты.
Өлкө башчысы "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, атайын кызмат өзүнө жүктөлгөн милдетти буга чейин ашыгы менен аткарганын, бирок мындан ары реформага муктаж экенин белгиледи.
"Мамлекет — тирүү организм, ал дайыма өсүп, өзгөрүп турушу керек. Кечээ улуттук коопсуздук комитетинин алдында башка чакырыктар турса, бүгүн таптакыр башка чакырыктар турат. Ушул реалдуулуктарды эске алуу менен УКМКда сапаттуу, заманбап коркунучтарга жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бере турган реформа жүргүзүлөт", — деген Жапаров.
Ал ошондой эле коррупция жана криминал менен күрөш уланарын, мындай көрүнүш жок болууга тийиш экенин кошумчалаган.