"Бирөөнүн бизнесин тартып алууга укугум жок". Туманбаев автомектептер тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстан бийлиги эч кимдин бизнесин тартып албайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев блогер Ыдырыс Исаковго берген маегинде айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тармагындагы реформа боюнча айтып жатып билдирди.
Ал реформа мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Бирөөнүн бизнесин тартып алууга менин акым жок. Биз жеке автомектептерге убакыт бердик... (өзгөрүүгө — ред.) Алар 30 жыл бою акча таап келишкен, эми мамлекет баарын көзөмөлгө алууда. Жеке автомектептерде иштеген бардык окутуучуларды жумуш менен камсыздайбыз, эгер чыгымдары болсо жеке тараптарга кенемте төлөп берүүгө даярбыз. Алар утулбайт", — деди Туманбаев.
Иш башкаруучунун айтымында, эми өлкөдө айдоочулук күбөлүктү сатып алууга мүмкүн болбойт.
"Бул мамлекеттик монополия эмес, биздин максат — сапаттуу билим берүү. Мурда айдоочулук күбөлүккө экзаменди тапшыра албаган курсанттар акча берип өтүп кетишчү. Бул "экзамен под ключ" деп аталчу. Декабрь жана январь айында жеке автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн 10-12 пайызы гана экзамен тапшыра алганын көрдүк. Демек, калгандары сапаттуу билим ала алган эмес", — деп белгиледи иш башкаруучу.
Автомектепте жакшы окугандар 4 айдан кийин айдоочулук күбөлүк алышы мүмкүн