БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Эгер Иран келишим түзүүдөн баш тартса, АКШ чабуулдун "экинчи фазасын" баштайт. Бул тууралуу Америка президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттерге маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, мындай чаранын кесепети Тегеран үчүн өтө оор болот.
"Мен алар менен (Иран — ред.) каалаганымча сүйлөшөм, эпке келер-келбесибизди көрөбүз. Эгер макулдаша албасак, экинчи этапка өтүүгө туура келет. Анын кесепети өтө оор болот", — деди Трамп.