Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода 24 эсеге жогорулады

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода былтыр 24 эсеге жогорулады . Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусунда белгилүү болду.
Өкмөт буга чейин коңшу өлкөнүн премьери Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапары менен келгенин кабарлаган.
"Чек ара маселесинин чечилиши — Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана коңшулук мамилени өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзгөн тарыхый окуя. 2025-жылы өлкөлөрүбүздүн күч-аракети соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты калыбына келтирүүгө жана активдештирүүгө, чек арадагы калктын социалдык-экономикалык жашоо шартын жакшыртууга багытталган", — деди Касымалиев.
Өкмөт башчы өткөн жылы Кыргызстандын Тажикстан менен болгон товар жүгүртүүсү 36 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24 эсе көбөйгөнүн кошумчалады. Касымалиев эки мамлекеттин башчылары товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүү милдетин койгонун белгилеп, бул максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк жетиштүү экенин билдирди.
Өз кезегинде Расулзода Кыргызстан менен ынак коңшулук мамилени өнүктүрүү Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгилеген. Ал тажик тарап эки өлкөнүн жетекчилери тарабынан коюлган дымактуу милдеттерди ишке ашырууга даяр экендигин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Элчи: Кыргызстан менен Россиянын соода көлөмүн 5 млрд. долларга жеткирсек болот