БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди. Аба майдандан тартылган видеону Регион ТВ жарыялады.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров жарлыгы менен 10-февралда Ташиевди кызматынан алган. Генерал Германияда дарыланып жаткан болчу.
Кечээ Ташиевдин Кыргызстанга бүгүн таңда келери айтылып, тарапташтарынан аэропортко "келбегиле" дегени тараган.