БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстан саясий чечимге келсе Россия республикада өзөктүк электр станциясынын курулушун токтоосуз баштоого даяр. Бул тууралуу РФ элчиси Сергей Вакунов РИА Новостиге маек куруп жатып билдирди.
"Кийинки сөз Бишкекте. Биз Кыргызстандын жетекчилиги саясий чечим кабыл алса эле АЭС долбоорун дароо биргелешип баштоого даярбыз. Казакстанда, Өзбекстанда ушундай курулуш иштери ыкчам жүрүп жатат", — деди дипломат.
Анын айтымында, Россия Кыргызстанда айлана-тегеректин коопсуздугу боюнча бардык талаптарга жооп берген чакан модулдук реакторлордун алдыңкы технологияларын колдонуу менен АЭС курууну сунуштап жатат.