Президент менен өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү алмашты

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты. Бул тууралуу минкабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алмасбек Абытов өз каалоосу менен кызматтан бошотулуп, ордуна Бектур Зулпиев дайындалган. Ал буга чейин өлкө башчынын кеңешчиси болчу.
Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол койгон.
ЖКнын спикери Нурланбек Тургунбек отставкага кетти. Видео