БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, эл чечет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкөдөгү акыркы кадрдык өзгөрүүлөр, анын себеби тууралуу "Кабар" агенттигине маек куруп жатып айтты.
Мамлекет жетекчиси “бир мөөнөт өзү, бир мөөнөт досу отурат” деген имиш кептерге комментарий берип, Кыргызстан демократиялык өлкө экенин, андыктан бардыгын шайлоо чечерин белгилеген.
“Конституцияга ылайык, ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу, ал эми кимге эл ишеним артса, эл арасында кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат. Ошондуктан “бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул” деген сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт, саясий маданиятка да жатпайт”, — деген ал.
Буга чейин Жапаров Ташиевди кызматтан алган себебин, экөөнүн достугу тууралуу айткан.