БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. ӨКМ Түштүк Кореядан эки жүк ташуучу тик учак сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетoв Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, азыр бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
"Жаңы тик учактар куткаруу бөлүмдөрүнүн ыкчамдыгын жогорулатууга, ошондой эле барууга кыйын болгон аймактарга гуманитардык жана материалдык-техникалык жүктөрдү жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт", — деди Мамбетoв.
Учурда ӨКМдин карамагында үч аскердик тик учак бар.
Мамбетoвдун айтымында, марттын башында 120дан ашык жаңы инженердик техника келери күтүлүүдө. Ал ошондой эле акыркы беш жылда ӨКМ 7 миллиард сомдон ашык каражатка 670 түрдүү техника сатып алганын кошумчалады.