БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алып, эки мамлекет кылмыштуулук менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктириши зарыл экендигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Өлкө башчысы террорчулук, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу транс чек аралык коркунучтарга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын айтты", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров ШКУнун алкагында Душанбе шаарында Баңгизатка каршы күрөшүү борборун жана Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча өз ара колдоону белгиледи.
Ал эми Расулзода меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, президенти Эмомали Рахмондун саламын жеткирди.
"Сиздин жетекчиликтин астында өлкөңүздө болуп жаткан масштабдуу өзгөрүүлөрдү биз чын дилден кубануу менен байкап жатабыз. Бул жетишкендиктер кыргыз элинин жаратмандык энергиясын айгинелейт жана терең урмат-сый жаратат", — деди премьер.
Жолугушууда эки жактуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, коңшу өлкөнүн премьер-министри Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапары менен Кыргызстанга бүгүн келди.