Күрөөгө эми ыр, чыгарма, картина коюп насыя алууга жол ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Учурда кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп ири суммада насыя алууга болот. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иш-чарасында билдирди.
Аткаминер келечекте материалдык эмес менчиктин негизинде да каржылоо мехенизми каралып жатканын белгилеген.
"Өзүнүн баасы бар ырлар, сүрөттөр, чыгармалар көп. Мисалы, белгилүү бир ырчынын мыкты ырлары бар дейли, ал каржылоо алгысы келет, бирок ырларынан жана чыгармачылыгынан башка активи жок. Ошону банкка коюп насыя алса неге болбосун? Биз билгендей, Майкл Жексон менен The Beatles тобунун чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин укук ээлерине киреше алып келүүдө", — деген Сейитов.
Акча алмаштыруучу жайлардын жүгүртүүдөгү минималдуу каражаты көбөйтүлүшү мүмкүн