ӨКМ: быйыл суучулдардын айлыгын көтөрүү каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. 2026-жылы Кыргызстанда Суучулдар кызматынын адистеринин айлык акысын жогорулатуу каралып жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
"Азыркы тапта суучулдар 30 миң сомдун айланасында маяна алышат, кошумча акчасы 20 миң сомду түзөт. Ошондо колго 50 миң сомдой алып калышат", — деди ал.
Мамбетовдун айтымында, Кыргызгидрометтин кызматкерлери менен кенже техникалык персоналдын эмгек акысы көтөрүлөт. Мындан тышкары, быйыл токойчулар менен Материалдык резевдер фондунун адистери да жогорулатылган маяна ала башташат.
"Токойчулар болжол менен 20-30 миң сом алышат. 2026-жылы айлык акыны көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлө берет. Күзгө чукул дагы бир катар категориядагы кызматкерлердин маянасын жогорулатууну караштырып жатабыз", — деди Мамбетов.
Курулуш министрлиги 500 миң сомдук айлык эмнеден кураларын айтты