БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук соту массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган Бекболот Талгарбековду, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановду 10-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Эскерте кетсек, 9-февралда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү сунушу менен көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аттуу-баштуу адамдар кол койгон кат өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонгону айтылган.