Садыр Жапаров "75 адамдын кайрылуусу" териштирилип жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сунушу менен 75 адамдын колу коюлган кайрылуу тергелип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров акыркы окуялар боюнча "Кабар" агенттигине маек куруп жатып айтты.
"Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Дал ушул тергөө силер айткан демилгенин канчалык масштабда болгонун, канча адам катышканын так көрсөтүп берет. Балким катышуучулардын саны азыр айтылып жатканынан да көп болушу мүмкүн, бирок мен так жоопту тергөөнүн жыйынтыгын күтүп туруп айтам", — деди президент.
Эскерте кетсек, 9-февралда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү сунушу менен көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аттуу-баштуу адамдар кол койгон кат өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонгону айтылган.
Андан кийин массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен ИИМ Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, көп узабай Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалганын кабарлаган болчу.
Катасын сезгендир... Жапаров Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши тууралуу