Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?

Sputnik
«Мүрөк» – Кыргызстандагы спорттук медицина жана реабилитация боюнча биринчи адистештирилген борбор болуп саналат. Ал көп тармактуу уюм катары түзүлүп, бул борбордо спортчулар диагностикадан өтүп, дарыланып, реабилитациядан өтүп жана кайрадан спортко кайтуу процессин бир жерден толук жүргүзө алышат. «Мүрөк» борбору жаз айлардын аягында ачылары күтүлүүдө. Жакында Бишкекте спорттук медицина жана медициналык реабилитация боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп, тажрыйба алмашуу, акыркы тенденциялар талкууланды. Спорттук медицинанын абалы тууралуу «Мүрөк» спорттук медицина жана реабилитация борборунун директору, №1 академиялык клиниканын нейро-реабилитация бөлүмүнүн башчысы, дарыгер-реабилитолог, физиотерапевт Айбек Асанов айтып берет.