Учурда өлкөдө геопарктарды түзүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууда турат. Документте долбоордун максаты өлкөдө өзгөчө корголуучу жайларга камкордукту күчөтүү, инфраструктурасын өнүктүрүү жана туристтерди тартуу менен жергиилктүү бюджетке киреше алып келүү каралган. Белгиленгендей эле геопарктар жергиликтүү бийликтердин балансына өткөрүлөт жана ошол жердин тургундары тиешелүү жумуш менен камсыздалат. Мындай аймактар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө 300гө чукулу учурда өз ишин алып барып жаткандыгы айтылат. Ошондой эле мыйзам кабыл алынып калса геопарктарды ЮНЕСКОнун тизмесине кирүү дымагы да белгиленген.
Биз бүгүнкү "Ачык кеп" уктуруусунда геопарк деген өзү эмне, Кыргызстанда мындай канча аймакты түзүү мүмкүнчүлүгү бар жана бул ошол жердин ландшафтын флора жана фаунасын сактап калууга кандай таасирин тийгизет, деген суроолордун алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин башкы адиси Тынымсейит Жусупмамбетов менен маектештик.