Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода былтыр 24 эсеге жогорулады . Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусунда белгилүү болду. Өкмөт буга чейин коңшу өлкөнүн премьери Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапары менен келгенин кабарлаган. "Чек ара маселесинин чечилиши — Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана коңшулук мамилени өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзгөн тарыхый окуя. 2025-жылы өлкөлөрүбүздүн күч-аракети соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты калыбына келтирүүгө жана активдештирүүгө, чек арадагы калктын социалдык-экономикалык жашоо шартын жакшыртууга багытталган", — деди Касымалиев. Өкмөт башчы өткөн жылы Кыргызстандын Тажикстан менен болгон товар жүгүртүүсү 36 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24 эсе көбөйгөнүн кошумчалады. Касымалиев эки мамлекеттин башчылары товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүү милдетин койгонун белгилеп, бул максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк жетиштүү экенин билдирди. Өз кезегинде Расулзода Кыргызстан менен ынак коңшулук мамилени өнүктүрүү Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгилеген. Ал тажик тарап эки өлкөнүн жетекчилери тарабынан коюлган дымактуу милдеттерди ишке ашырууга даяр экендигин айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган Бекболот Талгарбековду, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановду 10-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Эскерте кетсек, 9-февралда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү сунушу менен көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аттуу-баштуу адамдар кол койгон кат өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонгону айтылган. Андан кийин массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен ИИМ алгач үч киши, көп узабай дагы экөө кармалганын кабарлаган болчу.
2026-жылы Кыргызстанда Суучулдар кызматынын адистеринин айлык акысын жогорулатуу каралып жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. "Азыркы тапта суучулдар 30 миң сомдун айланасында маяна алышат, кошумча акчасы 20 миң сомду түзөт. Ошондо колго 50 миң сомдой алып калышат", — деди ал. Мамбетовдун айтымында, Кыргызгидрометтин кызматкерлери менен кенже техникалык персоналдын эмгек акысы көтөрүлөт. Мындан тышкары, быйыл токойчулар менен Материалдык резевдер фондунун адистери да жогорулатылган маяна ала башташат.