Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сунушу менен 75 адамдын колу коюлган кайрылуу тергелип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров акыркы окуялар боюнча "Кабар" агенттигине маек куруп жатып айтты. "Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Дал ушул тергөө силер айткан демилгенин канчалык масштабда болгонун, канча адам катышканын так көрсөтүп берет. Балким катышуучулардын саны азыр айтылып жатканынан да көп болушу мүмкүн, бирок мен так жоопту тергөөнүн жыйынтыгын күтүп туруп айтам", — деди президент. Эскерте кетсек, 9-февралда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү сунушу менен көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аттуу-баштуу адамдар кол койгон кат өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонгону айтылган. Андан кийин массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен ИИМ Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, көп узабай Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалганын кабарлаган болчу.
ӨКМ Түштүк Кореядан эки жүк ташуучу тик учак сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетoв Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, азыр бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. "Жаңы тик учактар куткаруу бөлүмдөрүнүн ыкчамдыгын жогорулатууга, ошондой эле барууга кыйын болгон аймактарга гуманитардык жана материалдык-техникалык жүктөрдү жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт", — деди Мамбетoв. Учурда ӨКМдин карамагында үч аскердик тик учак бар. Мамбетoвдун айтымында, марттын башында 120дан ашык жаңы инженердик техника келери күтүлүүдө. Ал ошондой эле акыркы беш жылда ӨКМ 7 миллиард сомдон ашык каражатка 670 түрдүү техника сатып алганын кошумчалады.
Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыялады. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 206 бош кызмат орунуна конкурс жарыяланды. Анын ичинен: Бишкек шаары — 11, Ош шаары — 8, Чүй облусу — 21, Нарын облусу — 10, Ош облусу — 59, Баткен облусу — 20, Ысык-Көл облусу — 11, Талас облусу — 9, Жалал-Абад облусу — 54, Мектеп-интернаттар — 3 кызмат оруну бош.
Эгер Иран келишим түзүүдөн баш тартса, АКШ чабуулдун "экинчи фазасын" баштайт. Бул тууралуу Америка президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттерге маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, мындай чаранын кесепети Тегеран үчүн өтө оор болот. "Мен алар менен каалаганымча сүйлөшөм, эпке келер-келбесибизди көрөбүз. Эгер макулдаша албасак, экинчи этапка өтүүгө туура келет", — деди Трамп.Ал ошондой эле экинчи этаптын кесепети өтө оор болорун кошумчалады.