«Жооптуу бол!» акциясы: өлкөдө эркектерди жугуштуу эмес ооруларга акысыз текшерүү жүргүзүлүүдө

Sputnik
Республикада эркектердин жугуштуу эмес ооруларын алдын алууга багытталган «Жооптуу бол!» аталышындагы бир айлык өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 18 жаштан жогорку эркектер текшериле алат. Бул акциянын негизги максаты — артериялык гипертензия, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети сыяктуу ооруларды эрте аныктоо болуп саналат. Өткөн жылдагы кампаниянын жүрүшүндө 973 миңден ашык эркек профилактикалык текшерүүдөн өткөн. Жүрөк-кан тамыр оорулары өлкөдө өлүмдүн негизги себептеринин бири бойдон калууда. Ушуга байланыштуу эркектерди өз саламаттыгына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакыруу маанилүү экенин №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун усулдук-уюштуруу иштери боюнча орун басары Атыргүл Буудайбекова жана ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Жылдыз Норузбаева маалымдашты.