Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Чечкиндүү кдаамдарга барбасам эл экиге бөлүнмөк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча "Кабар" агенттигине маек куруп жатып билдирди. Өлкө башчысы УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынган себебин айтып берген. Жапаровдун сөзү боюнча, иштин баары Жогорку Кеңештен башталган. “Айрым депутаттык топтор эл өкүлдөрүн чакырып алып, "биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы" деп бөлө баштады. "Бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким" деп сураган депутаттарга "бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап" деп иш жүргүзө башташты. Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү "аксакалдарга" өттү”, — деди өлкө башчы. Бүлүндүрүүчүлөр мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, "жогорку жак менен макулдашылган", ЖК мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташканы айтылды . “Эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп жаткан фактылар бар эле менде. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди”, — деди Жапаров. Президент Ташиевди кызматтан аларда өзү менен сүйлөшкөнүн белгиледи. “Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм”, — деди өлкө башчысы.
УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди. Аба майдандан тартылган видеону жергиликтуу телеканалдардын бири жарыялады.Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров жарлыгы менен 10-февралда Ташиевди кызматынан алган. Генерал Германияда дарыланып жаткан болчу.Кечээ Ташиевдин Кыргызстанга бүгүн таңда келери айтылып, тарапташтарынан аэропортко "келбегиле" дегени тараган.
Кечээ Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 59 жаштагы жаран 50 баш кою, бир аты менен кар көчкү астында калганын ӨКМ билдирди. Кырсык тууралуу кабарды куткаруучуларга Кызыл-Ой айылынын башчысы берген. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМдин аймактык башкармалыгынан 24 куткаруучу көчкү алдында калган жаранды издөө иштерине жөнөтүлдү.
Евробиримдиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөп, алдыңкы компаниялар региондон кетип жатат. Мындан улам Европа санаага батып жатканын Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо билдиргенин РИА Новости жазды. Өкмөт башчысы Брюсселде өткөн бейрасмий саммиттен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген. "Европа чоң стресске кабылды. Быйыл же кийинки жылдын башы менен кандайдыр бир чара көрбөсөк улам бир компания кете берерин баарыбыз түшүнүп турабыз. Көп өлкөнүн аймагынан олуттуу фирмалар кетип жатат, химия өнөр жайында, башка тармактарда чоң жоготууга учурап жатабыз. Европа ири көйгөйгө тушукту", — деген Фицо. Ал Еврокомиссия мартта өтө турган саммитте атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу боюнча сунуш бериши керектигин белгиледи. Фицо буга чейин эгер Евробиримдик электр энергиясы баш болгон маселелерин чечпесе, колунда бар кытайлар келип көрүп кете турган музейге айланарын айткан.