Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бир педагогикалык окуу жайды Агартуу министрлигине өткөрүп берүүнү сурады. Анын айтымында, мисалы Россияда 400гө жакын педагогикалык окуу жайлар, Казакстанда да бир канча педагогикалык окуу жайлар Агартуу министрлигине карайт. “Ансыз биз дайыма синхрондуу адаптация, пробация пландарды өзгөртүү, дүйнөлүк жаңы системаны интеграциялоодо артта калып калуудабыз. Азыр бизде адистер жетишсиз, мисалы тифолог, инклюзивдүү билим берүүдө мугалимдер жетишпейт.”,- деди Кендирбаева. Ошондой эле министр жогорку окуу жайлар менен мектептердин ортосундагы буйруктун негизинде класстердик мектептердин түзүлө тургандыгын маалымдады.“Бүгүнкү күндө класстердик мектеп түзүү багытында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен иштеп жатабыз. Биз эми мектептердин бардыгын профилдештире баштайбыз. Бишкек шаарында физика-математикалык, гуманитардык жана башка кесипке багыт берген мектептер түзүлөт. Мисалы, жогорку окуу жай менен биргеликте иш алып барган мектепте окуу жайдын окутуучулары окуучуларга сабак беришет”, - деди ал.
13-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга иш сапары менен келет. Сапарынын алкагында Кохир Расулзода Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Бишкек шаарындагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 автобус менен 42 атайын техниканын ачкычын тапшырды. "Бул — коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам. Бишкек мэриясынын ырааттуу ишинин алкагында шаарды өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу, элге ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги иштерден", — деген өкмөт башчы.Youtong үлгүсүндөгү 12 метрлик автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программасынын алкагында, ал эми атайын техникалар бюджеттин эсебинен сатып алынган.
Жалал-Абад облусунда Россиянын колдоосу менен 379 инвестициялык долбоор ишке ашууда. Бул тууралуу бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Россиянын башкы консулу Роман Свистин жолугушуусунда айтылды. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда облус башчысы Россия менен кызматташтык артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, Жалал-Абад облусу менен Россиянын бир катар аймактарынын ортосунда туруктуу байланыштар түзүлгөнүн маалымдады. Өкүл 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Россия менен товар жүгүртүүсү 27 млн доллардан ашканына токтолду. Ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен облус аймагында 379 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, жалпы 34 млн доллардан ашуун каражат багытталганын белгиледи. Алардын катарында Токтогул район