БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкекте 15 жылдан бери чет өлкөлүк жарандардан акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
“Спортобщак” деп аталган топтун өкүлдөрү Д.Ж. менен Р.у.А. коркутуп, күч колдонуп “Дордой” соода комплексинен коңшу мамлекеттерге жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча талап кылып келишкен. Алар жүктүн ар бир баштыгына жана унаанын өзүнө “салык” салышкан”, – деп жазылат маалыматта.
УКМКнын айтымында, алар укук коргоо органдарындагы тааныштарына таянып, ошондой эле Камчы Көлбаев менен Рысбек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу топтору менен байланышта болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.