Маматалиев 45 жашта, сегиз жылдан бери үзгүлтүксүз эл өкүлү болуп иштеп келет.
Мурдагы вице-премьер, мамлекеттик бир катар кызматтарды аркалап келген Абдрахман Маматалиевдин уулу.
Төмөндө анын өмүр таржымалына токтолмочубуз:
Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.
Билими:
Билими:
2019 – 2023 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде "техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу" адистиги – аспирантура, техникалык илимдердин кандидаты;
2002 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин маалыматтык технологиялар факультетин "автоматташтыруу жана башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. Бакалавр даражасы;
2003 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин маалыматтык технологиялар факультетин "автоматташтыруу жана башкаруу" адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн;
2011 — Кыргыз экономикалык университетинен "финансы жана кредит" адистиги боюнча билим алган.
2024 — Кыргыз экономикалык университетинде докторантура (PHD), экономика багыты;
2024 – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде юриспруденция, жарандык-укуктук иш багыты боюнча – экинчи жогорку билим;
2024 – РФ президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясында (РАНХиГС) "жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери".
Иш тажрыйбасы:
2003-2004 — КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
03.2004 – 11.2004 — КР Социалдык фондусу, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси;
2004 – 2006 — КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси, башкармалыктын жетекчиси;
04.2006 – 12.2006 — КР Социалдык фонду, Маалыматтык системалар башкармалыгынын жетекчиси;
2006 – 2008 — КР Экономика жана финансы министрлиги, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
05.2008 – 12.2008 — КР Финансы министрлиги, министрдин жардамчысы;
2007 – 2008 — КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, министрдин жардамчысы;
2008 – 2009 — КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, министрдин кеңешчиси;
03.2009 – 11.2009 — КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, уюштуруу-кадр иштери жана финансылык камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчиси;
2009 – 2010 — КР өкмөтүнүн аппараты, биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси;
08.2010 – 11.2010 — "Ар-Намыс" саясий партиясы, аппарат жетекчиси;
2010 – 2011 — КР Жогорку Кеңеши, "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы;
2011 – 2012 — КР Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, статс-катчынын милдетин аткаруучу;
01.2012 – 09.2012 — КР өкмөтүнүн аппараты, реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;
2013 – 2016 — "СУ-12" ЖАКы, башкаруучулугунун төрагасы;
2016 – 2018 — "Аллор Строй Сервис" ЖАКы, башкы директор;
2018 – 2021 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата Журт" саясий партиясынан депутат;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты;
2025 — Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты.
Сыйлыктары:
КР Социалдык кызматынын отличниги;
Финансылык-экономикалык кызматтын отличниги;
Соода-экономикалык кызматтын отличниги;
КР премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйланган;
КР өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Башка жетишкендиктери:
Самбо боюнча спорт чеберине талапкер.