БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Батыштын бардык аракети Украина жаңжалын создуктурууга багытталган. Бул тууралуу ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Андрей Сердюков брифингде билдирди.
"Аймакта олку-солку абалдын сакталышына Батыштын аракеттери себеп. Ал жактагылар Украинадагы куралдуу кагылышууну создуктурууга кызыкдар", — деди ал.
Сердюков өз сөзүндө Батыштын Түштүк Кавказда да таасирин бекемдөөгө умтулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул региондо чечилбей келген маселелер жаңы геосаясий чакырыктарга жуурулушуп, кырдаалды туруксуздаштырууда. ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси буга батыш мамлекеттеринин аймакта таасирин күчөтүү жандалбасы шыкакчы болуп жатканын кошумчалаган.