Жалал-Абад облусу Россия менен 27 млн. долларлык соода жүргүзгөн

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. 2025-жылы Жалал-Абад облусунун Россия Федерациясы менен товар жүгүртүүсү 27 миллион доллардан ашкан. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин Россиянын Кыргызстандын түштүк аймагындагы башкы консулу Роман Свистин менен жолугушуусунда айтылды.
Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, жолугушууда тараптар кыргыз-россия өнөктөштүгүнүн аймактар аралык кызматташтык маселелерин талкуулашкан. Текебаев Жалал-Абад менен Россиянын бир катар аймактарынын ортосунда туруктуу байланыштар түзүлгөнүн белгилеген.
Өкүл 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен облус аймагында 379 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, жалпы 34 миллион доллардан ашуун каражат багытталганын билдирди.
Алардын катарында Токтогул районундагы "Кайнама" чакан ГЭСи, Кара-Көл шаарындагы балык иштетүүчү завод, Манас шаарындагы "Жеңиш" эс алуу багынын курулушу, Ала-Бука районундагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү завод жана мектеп курулуштары бар.
Соңунда тараптар эки өлкө аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин билдиришкен.
Министр Досмамбетов россиялык кесиптеши менен адис даярдоону талкуулады