"Анда НАТОго келсин". Захарованын БУУ жетекчилигинин айткандарына жообу

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Крымдын жана Донбасстын калкынын өз тагдырын өзү чечүү маселесиндеги көз карашын НАТО же Евробиримдиктин пикири катары караса, анда ал ошол уюмдарда иштеши керек. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Январдын аягында Антониу Гутерриш Бириккен Улуттар Уюмунун позициясына ылайык, Крым менен Донбасстын элине кайсы мамлекетке кошулууну же өз алдынча болууну чечүү укугу колдонулбай жатканын билдирген. Захарова бул чечимди уюмдун катчылыгынын " акылга сыйбаган пикири" деп сыпаттаган.
Дипломат RT телеканалына берген маегинде Гутерриштин мындай билдирүүлөрдү жасоого ыйгарымдуу укугу жок экенин, ал билдирүү Батыштын аз гана бөлүгүнүн көз карашына туура келерин билдирген. Захарованын айтымында, бул топтун көз карашында кайсы элге башка мамлекетке кошулуу же андан чыгуу боюнча референдум өткөрүүгө укук берилип-берилбеши тууралуу чечимди алар гана кабыл алышы керектей.
"Эгерде БУУнун башкы катчысы өзүн ушул өлкөлөр тобунун өкүлү деп эсептесе, анда ал ушул НАТОго баш катчы катары келиши керек", — деди ал.
Январда Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Донбасстын, Новороссиянын жана Крымдын эли өз тагдырын өзү чечүү укугун Гренландия мисалында карап көрүү үчүн БУУга суроо менен кайрылганын билдирген.
Лавров буга чейин билдиргендей, АКШ Гренландия боюнча өз пландарын жарыялаган соң аталган эл аралык уюмдун өкүлү Стефан Дюжаррик бул маселени эл аралык укуктардын негизинде чечүү керектигин айткан. Андан сырткары, Дания Падышалыгынын эгемендигине урмат көрсөтүү, гренландиялыктардын тандоосуна эркиндик берүү маанилүү экенин белгилеген.
Орбандын кеңешчиси: Европа Украинадагы жаңжалды неберелеринин эсебинен каржылоодо