Орбандын кеңешчиси: Европа Украинадагы жаңжалды неберелеринин эсебинен каржылоодо

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Европа Украинадагы жаңжалга каржылык колдоо көрсөтүү менен өз келечегин тобокелге салууда. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министринин саясий директору Балаж Орбан Киль дүйнөлүк экономика институтунун статистикасына таянып айтканын РИА Новости жазды.
"Төрт жылдык согуш европалыктардын келечегине кесепетин тийгизе турган болду... Жүз миңдеген адамдар көз жумду, бирок Европанын саясий элитасы тынчтык орнотууга олуттуу аракеттерди жасоонун ордуна кандуу жаңжалды каржылоону артык көрүүдө. Европалык салык төлөөчүлөрдүн каражатынан барган сайын көбүрөөк каражат бөлүп жатат", — деп жазды Балаж Орбан.
Саясатчы ошондой эле жаңжалды каржылоо европалыктардын жашоо ресурстарын түгөтүп жатканын, ал эми алардын балдары менен неберелери европалык бийликтин саясий жактан келечектүү ой жүгүртө албастыгынын кесепетин тарта турганын кошумчалады.
Орбандын айтымында, Венгрия улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен болуп жаткан окуяларга аралашуудан алыс болууда.
Ал Киль дүйнөлүк экономика институтунун баштапкы жарыясына таянып, 2025-жылы Европа Украинага аскердик жардам катары 28 миллиард евродон ашык, ал эми каржылык жана гуманитардык жардамга 32 миллиард евродон көп акча жумшаганын айтты. Статистикага ылайык, 2025-жылдагы жардамдын дээрлик баары дал ушул Европанын эсебинен көрсөтүлгөн.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жөнгө салуу процессине тоскоол болуп, НАТО өлкөлөрүн жаңжалга түздөн-түз аралашуусун "от менен ойноо" деп эсептейт. Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак камтылган бардык жүктөр Россия үчүн мыйзамдуу бутага айлана турганын белгилеген. Кремлде болсо Батыштын Украинага курал-жарак берүү аракеттери сүйлөшүүлөргө көмөк көрсөтпөй турганын жана терс натыйжа берерин билдиришкен.
ЖМК: украин делегациясы Москвага сүйлөшүүгө барышы мүмкүн