Камчыбек Ташиев Кыргызстанга эртең менен келе турганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Генерал Камчыбек Ташиев Кыргызстанга эртең эрте менен келет. Бул тууралуу тарапташы Нургазы Анаркулов билдирди.
Ал интернет айдыңында Ташиев келер-келбеси боюнча түрдүү божомолдор айтылып жатканын белгилеген.
"Камчыбек Ташиев дарылануусу толук аягына чыкпаганына карабастан, кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эртең менен келет. Ал тарапташтарына “эч ким мени тосуп алууга келбесин" деген суранычын билдирди", — деп жазган Анаркулов.
Эскерте кетсек, 10-февраль күнү президент Садыр Жапаров жарлыгы менен Камчыбек Ташивди УКМК төрагасы кызматынан бошоткон. Генерал Германияда дарыланууда экени айтылган болчу.
УКМК Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин билдирүү жасады