БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматтан кете турганын айтты. Төрага бул тууралуу парламент жыйынында билдирди.
"Мен эки кишиге эмес, өлкөгө кызмат кылам. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз эрким менен кетүү чечимин кабыл алдым. Бул жеке чечимим. Мага эч ким басым-кысым көрсөткөн жок. Ага жол бербейм. Өлкөдө стабилдүүлүк болушу керек. Ушул максатты көздөп, мамлекетчилдик сезим менен ушундай чечим кабыл алдым. Мени Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы кылып чоң ишеним менен шайлаганыңыздарга терең ыраазылык билдирем. Менин чечимимди колдоп беришиңиздерди суранам", – деди Тургунбек уулу.
Ал азырынча эч жакка кетпестигин жана катардагы депутат болуп өлкөнүн келечегине кызмат кылууга даяр экенин кошумчалады.