БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Парламент Жогорку Кеңештин төрагалыгына Марлен Маматалиевди шайлады.
Анын спикерлик кызматына макул экенин 77 эл өкүлү билдирип, добуш берди.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңешти буга чейин жетектеп келген Нурланбек Тургунбек уулу отставкага кеткен.
Жаңы спикер Маматалиев 45 жашта. Буга чейин катары менен ЖКнын үч чакырылышынын депутаты болуп келген.