БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги эки депутаттык топ төрагалыкка Марлен Маматалиевди сунуштады. Бул туурасында вице-спикер Чыңгыз Ажибаев парламентте билдирди.
"Элдик" жана "Ала-Тоо" топтору жазуу түрүндөгү сунушун берген. Эми тармактык комитет талкуулап, андан кийин палатага чыгарат. Спикерди шайлоо бүгүн карала турган маселелердин күн тартибине киргизилген.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңешти буга чейин жетектеп келген Нурланбек Тургунбек уулу отставкага кеткен.