БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Караколдун Пристань-Пржевальск аймагынан ок атуучу куралдын тобу сакталган жашыруун жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматкерлер кароосуз калган имараттын ичинен кесилген мылтык, ПМ үлгүсүндөгү согуштук тапанча, колго жасалган согуштук револьвер жана травматикалык тапанча табышкан. Андан тышкары, ок-дары жана ИИМ кызматкерлеринин формасы чыккан.
Маалыматка ылайык, аталган жашыруун жай кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жоюлган кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, тиешелүү экспертизалар дайындалды.