БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Канаданын мектептеринин биринде 18 жаштагы трансгендер ок чыгарып, бир нече адамдын өмүрүн алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Шектүү Жесси аттуу 18 жаштагы кыз экени аныкталды", — деп маалымат берген Британия полициясынын өкүлү Дуэйн Макдональд.
Тартип сакчысы шектүү анткен менен адегенде биологиялык жактан эркек болуп жарыкка келгенин кошумчалады.
Макдональд шектүүнүн психикасында мандем болгонун айтып, бирок так далилдерди келтирген жок. Анын адам өмүрүн алган кадамга барганы белгисиз.
Кандуу окуя Британ Колумбиясы деп аталган провинцияда эки күн мурда болгон. Андан мугалим менен 13-17 жаш чамасындагы окуучулар жабыркаган. Эки сөөк, шектүүнүн энеси менен бир тууганынын өлүгү үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Кийин ал өзүнүн жанын өзү кыйган, бул каргашадан баш-аягы онго жакын адам жабыр тарткан.
Бул боюнча Кыргызстан ТИМи аталган аймакта жашап-иштеп жаткан кыргызстандыктардын арасында жабыркагандар жоктугун билдирди.
* РФте экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган кыймыл
* РФте экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган кыймыл