Бишкектин көчөсүндө ысык суу атып, калың буу каптады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Борбор калаанын түштүк тарабында, 7-Апрель көчөсүндө ысык суу өткөн түтүк жарылып, ал жерди буу каптады.
Тагыраагы, ал 7-Апрелде Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде болгон.
Мэрия оңдоо иштеринен улам жылуулук берүү убактылуу чектелиши мүмкүндүгүн айтып, эскертти.
Ошондой эле кырдаалга комментарий берди. Бул тилкеде 1974 жана 1986-жылдары курулган жылуулук түтүктөрү алиге чейин колдонулуп келгендигин, алар эскирип бүткөнүн билдиришти.
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы оңдоп-түзөө иштерин болушунча тез бүтүрүүгө аракет кылып жатканы айтылды.
Бишкекте газдын жарылышынан жабыркагандардын абалы айтылды